Сенат аскер кызматкерлерин турак жай менен камсыздоого багытталган мыйзам долбоорун Мажилиске кайтарды. Жогорку палатанын депутаттары документке аскер кызматкерлеринин укуктарын жөнгө салуу боюнча бир катар түзөтүүлөрдү киргизүүнү туура көргөн. Эске салсак, мыйзам долбооруна ылайык, мүмкүнчүлүгү чектелген балдары бар аскер кызматкерлери кызматтык батирлерди акысыз менчиктештирүүгө мүмкүндүк алат.
Каза болгон учурда үй-бүлө мүчөлөрү максималдуу социалдык коргоо менен камсыз кылынат. Жаранга мамлекеттен эки жолу үй алууга катуу тыюу салынат. Ошондой эле, аскер кызматчыларын жоопкерчиликке тартуу, аскердик мүлктүн сакталышы, чин же наам алуудагы жаш курагы жана кызматтан кетүү тартиби бекитилет. Аттестациялоо кезинде полиграфиялык текшерүүдөн өткөрүү мерчемделүүдө.
Маулен Ашимбаев, Казакстан Парламенти Сенатынын төрагасы:
- Аскер кызматчыларынын жана атайын мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин иши өтө жоопкерчиликтүү экендиги белгилүү. Ошондуктан аларды жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн укуктук, материалдык жана социалдык жактан коргоо мамлекеттин эң маанилүү милдеттеринин бири болуп саналат. Документте аскердик жана атайын мамлекеттик органдардын жүрүм-турумун жакшыртуу маселелери да каралган. Мыйзам долбоору кабыл алынгандан кийин аскер кызматкерлерин жана атайын мамлекеттик органдардын кызматкерлерин, алардын үй-бүлө мүчөлөрүн турак жай менен камсыз кылуу маселеси комплекстүү чечилет деп ишенебиз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков