Казакстанда үлүштүк турак жай рыногу санариптештирилет

Казакстанда үлүштүк турак жай рыногу санариптештирилет

Казакстанда «Казреестр» бирдиктүү маалыматтык системасы жаңыртылат. Белгилей кетсек, электрондук платформа үлүштүк турак жай курулушуна катышуу тууралуу шарттарды мамлекеттик каттоого багытталган. Эми кызматтын бул түрүн «Egov» мобилдик тиркемеси аркылуу ишке ашырууга болот. Ошондой эле, «Турак жай порталы» маалымат системасы учурдун талабына ылайык жаңыртылат. Курулуш компаниялары үлүштүк турак жайдын курулушун аяктоо үчүн кепилдиктерге жана насыялык субсидияларды алууга арыздарды аралыктан тапшырып, онлайн форматта келишим түзө алат. Мындан тышкары, өлкөдө курулуш материалдарынын онлайн платформасы ишке кирет.

Алтай Күздибаев, «КТК» АК башкарма төрагасынын орун басары:
- Жаңыртуу биринчи кезекте жалпы турак жайга онлайн форматта келишим түзүүгө мүмкүндүк берет. Азыр бул долбоорду ишке ашыруу үчүн министрлик менен тыгыз иштешип жатабыз. Ошол учурда мамлекеттик кызмат көрсөтүү убактысы алда канча тез болот десек болот. Бүгүнкү күндө бул кызмат түрүн алуу үчүн эки жумушчу күн талап кылынат. Ал эми өзгөртүүлөрдү киргизгенден кийин, ал бир нече саатка чейин кыскарат.

Ернар Абитаев, «КТК» АК бизнес-жараяндар жана санариптик өнүктүрүү департаментинин мүдүрү:
- Биз түздөн-түз ушул системанын ичинде келишимди түзүү, ага кол коюу жана каттоо функциясын иштеп чыктык. Эң алды менен, бул турак-жай куруучулардын жалган келишимдерин алдын алууга мүмкүндүк берет. Жалпысынан, курулуш компаниялары үчүн да ыңгайлуу. Азыр биз аны тажрыйба катары колдонуп жатабыз. Толук ишке кошуу үчүн ченемдик-укуктук актылар талап кылынат. Алар жылдын аягына чейин кабыл алынат деп күтүлүүдө.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков