«Улуу Жеңиш: тарых
барактарындагы акыйкат...». Астанада туңгуч президенттин музейинде
Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына арналган көргөзмө ачылды. Анда майдан гезиттери, аскердик үгүт
плакаттары, казак жазуучу-майдангерлердин
эмгектери сыяктуу сейрек кездешүүчү архивдик материалдар коюлду. Көргөзмөнү Туңгуч президент музейи менен Улуттук
мамлекеттик китеп палатасы
биргеликте уюштурган. Биринчи жолу келгендердин
назарына 160тан ашык экспонаттар коюлду. Алар үн жана жарык аркылуу өзгөчө кооздолгон.
Уюштуруучулар Казакстандын жеңишке
кошкон зор салымын көркөм-адабий мурас, архивдик
материалдары жана издөө иштери аркылуу сактап калуу маанилүү экенин айтышат.
Күлайша Актаева, Туңгуч президент музейи корпоративдик
фондунун мүдүрү:
- Казак адабиятынын лейтенанттык прозасы Малик
Габдуллиндин жана Бауыржан Момыш уулунун чыгармаларынан башталган. Бул инсандар
Улуу Ата Мекендик согушка катышкан баатырлар. Алар бош убактысында согуш
талаасында көргөн кыйынчылыктар жана от кечкен жылдардын чындыгын кагаз бетине
түшүргөн.
Адил Койтанов, Улуттук мамлекеттик китеп палатасынын
мүдүрү:
- Ал ар кимдин колу жете бербеген материалдар,
ошондуктан биз аларды атайын коюп, жөн гана калкка тааныштырабыз. Мында ошол 41-жылы
согуш башталганда гезиттерде
эмне жазылган же 45-Жеңиш жылы бугу айынын 9да алгачкы жеңишти кубана жазган
материалдар ошол гезит журналдарынада көрсөтүлгөн.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

