Павлодар шаарынын окуучулары атласта өзгөчө коргоого алынган өсүмдүктөр менен жаныбарларды көрсөтүштү. Аймактык эндемиктер 3D альбомунда көрсөтүлдү. Башкача айтканда, баянауыл карагайлары, жалбырактуу дарактар, сөөлжандар, аркарлар бар. Анын жардамы менен бардыгына кызыктуу жана жеткиликтүү формада жаратылыштын коргоого алынган элементтери тууралуу жергиликтүү тургундар билимдерин кеңейте алат. Жогорку класстын окуучуларынын ойлоп табуусу тарых, биология, география сабактарында колдонулушу мүмкүн. Долбоор туризмди өнүктүрүү жагынан да кызыктуу.
Богдан Цибрий жана Руслан Божеканов, 11-класстын окуучулары:
- Келечектеги долбоор Баянауылдун айрым жерлерине, мисалы, туристтик объекттерге жайгаштырылышы мүмкүн. Жада калса Баянауыл карагайынын бутактары башка дарактардын бутактарынан айырмаланып турганын да эске алууга туура келди, ошондуктан майда-чүйдөсүнө чейин абдан көңүл бурдук.
Камилла Рахметова, география сабагынын мугалими:
- Бул долбоордун үстүндө экинчи жыл иштеп жатабыз, биринчи жылы жаныбарларды, чыныгы өсүмдүктөрдүн элементтерин түзүүдө көптөгөн кыйынчылыктарга туш болдук. Мисалы, аркарды алсак, биз алардын мүйүздөрүн жасоого көп убакыт жумшадык.
Долбоордун өзгөчөлүгү – балдардын сейил бакты виртуалдык дүйнөгө өзгөрүүсүз киргизгендигинде. Жаш программисттер Казакстандын жаратылыш объектилерин 3D форматында экинчи жыл катары менен көрсөтүп жатышат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков