Казакстан Борбордук Азияда биринчилерден болуп онкологиялык илдетке чалдыккан бейтаптарды дарылоонун санариптик-инновациялык системасын киргизди. Терапия учурунда залалдуу шишикке каршы жогорку тактык менен нурлануу ыкмасы колдонулат. Адистер дарылоонун жүрүшүнө көз салып турушат. Айта кетсек, бул система чынжырдын тездеткичи менен түздөн-түз байланышкандыктан, ракты дарылоо учурунда нурлардын багытын жөнгө салууга мүмкүндүк берет. Мунун аркасында бейтаптын соо органдары менен организмине зыяны тийбейт. Мындай заманбап дарылоо залалдуу шишиктин баштапкы жана өнөкөт түрлөрүн айыктырууга арналган. Белгилей кетсек, бул система дүйнөнүн алдыңкы онкологиялык борборлорунда колдонулат.
Евгений Ишкинин, Алматы онкологиялык борборунун бөлүм башчысы:
- Бул аппарат бизге залалдуу шишиктин дал ортосуна жетип, дарылоого мүмкүндүк берет. Анын үстүнө соо органдарга жана организмге зыяны жок. Мына ошентип, адамдардын максималдуу түрдө дарылануусуна шарт түзүлөт десем жаңылышпайм. Аны жасалма интеллект менен салыштырууга да болот. Себеби, бул бизге, дарыгерлерге илдеттин булагын таап, туура дарылоого жардам берет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков