Дүйнөлүк шахмат таажы үчүн оюндун экинчи партиясы Ян Непомнящийдин пайдасына чечилди

Дүйнөлүк шахмат таажы үчүн оюндун экинчи партиясы Ян Непомнящийдин пайдасына чечилди

Кытайлык шахматчы Дин Лижэн менен болгон оюн акыркы 10 жылдагы ушул сыяктуу мелдештерге салыштырмалуу жүрүш саны боюнча эң ылдам оюндардын бири болду. Эки оюндан кийин Дүйнөлүк шахмат таажы үчүн болгон беттеште эсеп 1,5:0,5 болуп, орус гроссмейстеринин пайдасына чечилди. Атаандаштардын арасындагы кийинки оюн чын куран айынын 12де өтөт.

Аркадий Дворкович, FIDE президенти:

Биз эки шахматчыга, аларды коштоп жүргөн делегацияга, бул беттешти кызыгуу менен көрүп жаткан жана дүйнөнүн булуң-бурчундагы күйөрмандарга мыкты шарттарды түзүп берүү үчүн болгон күчүбүздү жумшап жатабыз. Жыйынтыгын алдыда көрөбүз.

Эске сала кетсек, борбор калаада чын куран айынын 7де башталган шахмат боюнча дүйнө чемпионаты бугу айынын 1не чейин уланат. Турнирдин алкагында Казакстандын жана дүйнөнүн аялдар курама командаларынын ортосунда рапид жана блиц боюнча эл аралык беттеш өткөрүлөт. Ошондой эле балдар арасында турнир уюштурулат.