Казакстанда 150 миңдей бала спорттук жана чыгармачылык ийримдерге акысыз катышууга мүмкүнчүлүк алды. Бул киши башына каржылоонун эсебинен жетишилди. Программа ушул жылдын бугу айында ишке киргизилген. Балдардын спорт менен акысыз алектенүүсүнө 7 миллиард теңге, чыгармачылык ийримдерге 5 миллиардга жакын каражат багытталды.
Галымжан Абдикадыров, ийримдин катышуучусу:
- Мен жеткиликтүү спорттун түрлөрү тууралуу инстаграмдан билдим. Жарыяны көргөндөн кийин барайын деп чечтим.
Данияр Алимусинов, каратэ машыктыруучусу:
- Учурда кыркка жакын бала алектенет. Жайында Жеруйык паркынан баштадык. Ошол учурда райондун балдары акырындык менен чогула башташты. Натыйжада азыр бул жерде балдар көп. Ата-энелер менен байланышабыз, баары рахмат айтышат.
Жаңы программа массалык спортко дем берип, балдар менен өспүрүмдөрдүн бош убактысын 100% камсыздоого мүмкүндүк берет, дешет адистер.
Рүстем Байсейитов, Алматы шаары спорт башкармасынын жетекчиси:
- Бүгүнкү күндө футбол, каратэ, шахмат, сууда сүзүү, таэквондо ийримдери суроо-талапка ээ. Бул балдар клубдары жан башына каржылоо боюнча алдыңкы орунда турат.
Айгүл Бектенова, Спорт жана дене тарбия комитети төрагасынын орун басары:
- Бул кандайдыр бир деңгээлде бизнес үчүн жакшы. Маселен, бул демилгеде алгач 220 жеткирүүчү болсо, азыр алардын саны 1500гө жетти. Мындан кийин учурда ага спорттун 71 түрү гана киргизилген. Бирок ата-энелердин спорттун кайсыл түрүн тандай тургандыгына байланыштуу учурда талдоо жүргүзүлүп, долбоорго кошумча 60 спорт түрүн киргизүү мерчемделип жатат.
Алдыдагы убакытта программанын алкагында чыгармачылык ийримдердин санын көбөйтүү көздөлүүдө. Бул үчүн келерки жылы каржылоо көлөмүн бир нече эсеге көбөйтүү мерчемделген.
Которгон: Илгиз Жамалбеков