Казакстанда Улуу Ата мекендик согуштун 222 ардагери бар

Казакстанда Улуу Ата мекендик согуштун 222 ардагери бар

Алардын бири кылым жашаган - Нина Мосунова. Сергек жашоо образын карманган карыянын басканы  тың. Ал 18 жашында өз ыктыяры менен согушка аттанган. Согуш талаасында телеграфист, пулемётчу, кийинчерээк радио операторлор бөлүмүнүн командири болгон. Жеңишти Берлинде тосуп алган карыя жаш муунга өз кеңешин төмөндөгүчө айтты.

Нина Мосунова, УАС ардагери:

- Согушту эстегим келбейт. Ойлосом көзүмө жаш алам. Кырчындай жаш курак өттү. Дайыма тынчтык болушун каалайм. Эң негизгиси ден соолукка кам көрүү керек. Эл арасында сый болсо баары жакшы болот.

Майрамдын алдында согуш ардагерлерине материалдык колдоо көрсөтүлөт. Улуу Жеңиштин жолунда тер төккөн тылдын эмгекчилери да четте калбайт.

Улдана Бекбауова, Шымкент шаарынын иш менен камсыз кылуу жана социалдык коргоо башкармасынын бөлүм башчысы:

- Шымкент шаарында Улуу Ата мекендик согуштун 3 ардагери жана 2221 тылдын эмгекчилери бар. Ардагерлерге жергиликтүү бюджеттен 1,5 миллион теңге каралып, тылдын эмгекчилеринин жеке эсебине жеңиш майрамынын алдында 12АЭК, тагырагы 41 400 теңгеден которулат.

Жеңиш күнүнө карата Шымкентте ар кандай майрамдык иш-чаралар жана жалпы шаардык флешмобдор өтүп, ага шаар тургундары жана коноктору катышат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков