Тоо лыжа базалары Казакстандын визиттик картасына айланышы мүмкүн. Чет элдик саякатчылардын арасында кышкы каникулда өлкөнү тандагандардын саны арта түшкөн. Акмола жана Чыгыш Казакстан облустарынын лыжа базалары кыш айларында меймандарды кабыл алууга даярданышууда. Кененирээк кийинки материалда.
Эрик Модесто былтыр кышында Казакстанга биринчилерден болуп келген. Ал лыжа ышкыбоздорунун тобу менен Риддерде эс алып жүргөн. Аяздуу күндөр жана күндүн ачык болуусу - портчулар карманган негизги принциптердин бири. Чет элдик мейман Казакстан кышкы туризмди өнүктүрүү үчүн чоң дарамети бар экенине ишенет.
Эрик Модесто, турист:
Кардын көп жаашы жана спортчуларга ыңгайлуулугу боюнча Казакстан биринчи орунда. Буга көбү ишенди. Биздин сапардын бардык күндөрүндө кар жакшы болду. Инфраструктура жагынан кемчиликтерди жашырбайм. Бирок бул биздин тандообуз. Анткени биз Риддерге тоого чыгып, лыжа тебүү үчүн атайын барганбыз. Жаратылыш койнунда эс алуу бизге көбүрөөк жагат.
Акмола облусунун курорттук райондору да кыш айларында меймандарды кабыл алууга даярданып жатышат. Азыр бул жерде лыжа жолдору төшөлүп, суу куюлуп, муз шаарчалары курулууда. Жергиликтүү мейманканалар эс алуучулар үчүн жагымдуу программаларды иштеп чыгуу үстүндө.
Гүлназ Негметжанова, мейманкана менеджери:
Көлдүн бетинде атайын кар унаалары менен саякаттоого болот. Биздин жабдуулардын баары электрдик. Ошондуктан муз үстүндө басууга уруксат берилет. Мындан тышкары, коньки тебүүгө, бийиктиктен сыйгаланууга да мүмкүндүк түзүлөт. Кыскасы, кышты мүмкүн болушунча кызыктуу өткөрүүгө аракет кылабыз. Бурабайга да экскурсиялар каралган. Бугу чарбасы фермасына экскурсия уюштурууну көздөп жатабыз. Ал жерде саякатчылар бугуларды багып, панта тунмаларын иче алышат.
Шортанды-Бурабай курорттук аймагына жыл сайын 1 миллиондон ашык турист эс алат. Азырынча анын 30 пайызы гана кыш айларына туура келет. Туристтердин агымын көбөйтүү максатында бул жерде ири спорттук иш-чараларды уюштуруу пландалууда.
Которгон: Илгиз Жамалбеков