Казакстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги Орусияда холера эпидемиясы тууралуу маалыматты четке какты

Казакстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги Орусияда холера эпидемиясы тууралуу маалыматты четке какты

Казакстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги Орусияда холера оорусунун жайылышы тууралуу маалыматты четке какты. Буга чейин социалдык тармактарда маалымат тараган эле. Мекеменин маалыматына караганда, быйыл өлкөдө холера боюнча эпидемиологиялык абал туруктуу. Акыркы 10 жылда жергиликтүү холера оорусу катталган эмес. Ал эми 2020-жылдан бери оорунун бир да учуру аныкталган жок. Профилактикалык иш-чаралардын алкагында жыл сайын республиканын дарыяларына жана суу сактагычтарына үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүлүп келет. Ичүүчү суунун үлгүлөрү да, ошондой эле сууну массалык түрдө пайдалануучу жайларда - бассейндерде, оргумаларда, аквапарктарда да изилденет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков