«КазМунайГаз» улуттук компаниясы IPOго чыкты

«КазМунайГаз» улуттук компаниясы IPOго чыкты

«КазМунайГаз» IPOго чыкты. Улуттук компания жергиликтүү фондулук рынокко 30,5 миллион баалуу кагазды жайгаштырууну көздөөдө. Бул жалпы акциялардын 5% на барабар. Ал бир акциянын наркы 8406 теңге. Учурда баалуу кагаздарга ээ болууну каалаган жарандардан арыздарды кабыл алуу жүрүп жатат. Ага катышуу жана акционер болуу үчүн алгач брокердик эсеп ачуу же “Табыс” тиркемесин жүктөп алуу керек. Ошондой эле брокер менен "Казпочта" аркылуу да байланышууга болот. Албетте, акцияларды ата мекендик жеке инвесторлорго сатууга артыкчылык берилет. Бирок чет элдиктер да талапкер боло алышат.

Магзум Мырзагалиев, «КазМунайГаз» компаниясынын башкарма төрагасы:

Жетинин айынын 14дө IPO алкагында роуд-шоу башталды. Жергиликтүү AIХ биржасында жана Казакстандын биржасында сунушталган «КазМунайГаз» IPOсун кеңири тааныштыруу максатында аймактарда жеке инвесторлор менен жолугушууларды өткөрөбүз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков