Дүйнөлүк жана салттуу диндердин лидерлеринин VII курултайынын жыйынтыктары тынчтыкты, ынтымакты жана диндер аралык диалогду чыңдоого өбөлгө түзөт. Мындай пикирин БУУнун цивилизациялар альянсы боюнча башкы катчысынын жогорку өкүлү Мигель Анхель Моратинос билдирди. Бүгүн аны Касым-Жомарт Токаев кабыл алды. Мигель Анхель Моратинос да иш-чаранын жогорку деңгээлде уюштурулгандыгын баса белгиледи. Өз кезегинде мамлекет башчысы Казакстанга келип, форумду өткөрүүгө ырааттуу колдоо көрсөтүп жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле, альянстын адамдарды жакындатуу үчүн тынчтык жана толеранттуулук маданиятын өнүктүрүү боюнча аракеттерин жогору баалады.
Которгон: Илгиз Жамалбеков