Сайрам географиялык көрсөткүчү катталды

Казакстанда жаңы SAYRAM географиялык көрсөткүчү катталды. Юстиция министрлигинин расмий өкүлү Талгат Уалинин айтымында, эми Улуу Жибек жолундагы орто кылымдагы ири шаардын атынан нан-токоч өнүмдөрү өндүрүшү аталат. Бул өз кезегинде тарыхый объекттин атын жайылтууга өбөлгө түзөт. Мекемеден белгилегендей, өлкөдө 5 улуттук географиялык көрсөткүч катталган. Атап айтканда, алар: «Түркестан» балмуздактары, «Түркестан» таттуусу, «Алматы апорту», ​​«Караганды» балмуздагы жана «Сайрам» торту. Адилет министрлигиндеги башка жаңычылдыктар тууралуу да айтылды. Мисалы, Казакстанда товардык белгилерди укуктук жактан коргоого мүмкүндүк берилип жатат. Мурда процедура 7 айга чейин созулса, эми 3 айдын ичинде тездетилип жүргүзүлөт. Мындан тышкары интеллектуалдык менчик объектилерине экспертиза жүргүзүү кызматы ишке киргизилди.

Талгат Уали, Юстиция министрлигинин расмий өкүлү:

-Экспертизанын бул түрү интеллектуалдык менчикти коргоого, инвестициялык ишмердүүлүктү укуктук жактан коргоого жана өлкөнүн имиджин бекемдөөгө жасалган чоң кадам катары бааланат. Буга байланыштуу Алилет министрлиги Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмунун жайкы мектебинде сот серепчилерин окутту. Эми кесипкөй соттук-медициналык серепчилер интеллектуалдык менчик объектилерине экспертиза жүргүзүү менен бирге окшош объектилердин бири-бири менен тыгыз байланышы бар же жок экендиги боюнча талдоо жүргүзө алышат.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков