Казакстан улуттук банкынын тыйындары эл аралык сынакта байгелүү орундарга ээ болду

Казакстан улуттук банкынын тыйындары эл аралык сынакта байгелүү орундарга ээ болду

Казакстандык монеталар эл аралык сынакта жогорку сыйлыкка ээ болду. Улуттук банктын маалыматы боюнча, «монета жылдыздары» адистештирилген биринчилигине 2023-жылы чыгарылган акча белгилери катышкан. Жыйынтыгында «Балхаш ала букасы» «уникалдуу технология» категориясында биринчи орунду ээледи. Ал эми «Коркыт Ата» аттуу тыйын  «классикалык монета» номинациясы боюнча алдыңкы үчтүктү толуктады. «Ай жана күн» акча белгиси Лихтейнштейндин валютасы менен бирге «азем белек монета» номинациясында үчүнчү орунду ээледи.

Белгилей кетсек, бул жылы сынакка дүйнөнүн 18 өлкөсүнөн ар кандай үлгүдөгү монеталар сунушталды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков