Борбор
Азия регионундагы суу коопсуздугу тууралуу Астанада сөз болду. Борбор калаада серепчилер, окумуштуулар,
экологдор, дипломаттар менен Казакстан,
Кыргызстан, Өзбекстан жана башка өлкөлөрдүн профилдик мекемелеринин өкүлдөрүнүн катышуусунда
эл аралык конференция болуп өттү. Катышуучулар Ооганстандагы Кош-Тепе каналын
куруу маселесин да талкуулашты. Анын долбоору Амударыядан суу агызууну камсыз
кылат. Бул Өзбекстан менен Түркмөнстанга таасирин тийгизип, өлкөдөгү суу менен камсыздоого да
таасирин тийгизиши мүмкүн. Тараптар трансчегаралык суу ресурстарын натыйжалуу
башкаруу үчүн туруктуу өнүгүүнүн жалпы стратегиясын иштеп чыгуу зарыл экендигин
белгилешти. Бул жерде бардык кызыкдар тараптар катышкан суу дипломатиясы
маанилүү.
Аслан
Абдраимов, Суу ресурстары жана ирригация вице-министри:
- Биз Ооганстан
менен чектеш эмеспиз, бирок алар ала турган көлөм таасир этерин түшүнүп
жатабыз. Биз көтөргүбүз келген биринчи маселе, албетте, биздин дипломатиялык,
сүйлөшүү процессибиз, биз келечекте Аралды сактоо эл аралык фонду Ооганстандан келген
кесиптештерибизди да кошуу мүмкүндүгүн түшүнөбүз. Биз фермерлерибизди сууну
үнөмдөөчү технологияларды - тамчылатуучу, жамгырлаткыч орнотмолорду колдонууга
үйрөтүшүбүз керек.
Казакстан,
Өзбекстан жана Кыргызстан суу режими боюнча макулдашты
Ошол эле учурда Өзбекстандын
борборунда өткөн энергетикалык форумда Борбор Азиянын үч республикасы-Казакстан,
Өзбекстан жана Кыргызстан Сырдарыя дарыясынын бассейнинин ресурстарын вегетация
мезгилине биргелешип башкарууну макулдашышты. Кол коюлган протокол менен
аймактык ГЭСтердин иштөө режими жана сууну бөлүштүрүү көлөмү аныкталды. Бул
чара, ар бир өлкө сугаруу учурунда жетиштүү суу алып, ГЭСтер туруктуулукту
сактоого багытталган дешет адистер. Мындай документке кол коюу өлкөлөргө
муктаждыктарды эске алууга жана ресурстарды сарамжалдуу пайдаланууга мүмкүндүк
берет. Белгилей кетсек, Сырдарыя Борбор Азия өлкөлөрүнүн экономикалары үчүн чоң
мааниге ээ.
Которгон: Илгиз Жамлабеков

