Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөр өнөр жай жана
санариптик кызматташтыкты кеңейтүү боюнча макулдашышты. Тиешелүү
меморандумдарга Астанадагы бизнес-форумда кол коюлду. ТМУга мүчө мамлекеттердин
ишкер чөйрөлөрүнүн, соода-өнөр жай палаталарынын жана инвестициялык
структураларынын өкүлдөрү транспорт жана логистика, өнөр жай, айыл чарба жана
санариптик чөйрөдөгү биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты. Атап
айтканда, бизнести өнөктөштөрдү автоматташтырылган издөө, рынокторду талдоо
жана жеткирүү каржыларынын куруу үчүн бирдиктүү платформа түзүү кызыктырат. Бул
өз ара сооданын көлөмүн көбөйтүүгө жардам берет. Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча
Казакстандын ТМУ өлкөлөрү менен товар жүгүртүүсү дээрлик 13 миллиард долларга
жеткен.
Мурат Каримсаков, Казакстандын Тышкы соода
палатасынын башкармалыгынын төрагасы:
– 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча
биздин өлкөлөрдүн товар жүгүртүүсү 36 пайыздан ашык өстү, бул бүгүнкү күндө
жакшы көрсөткүч. Түрк өлкөлөрүнүн Казакстан Республикасынын экономикасына түз
инвестицияларынын көлөмү өсүүдө. 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча бул дээрлик жарым
миллиард долларды түзөт. Түрк капиталы жөнүндө айтсак, акыркы 20 жылда бул
инвестициялар 6 миллиард доллардан ашты.
Катышуучулар дүйнөлүк логистикалык чынжырлардын
трансформация шартында Ортоңку коридордун дараметин ТМУ өлкөлөрүнүн ортосундагы
кызматташтык жогорулатарын айтышат. Негизги басым инфраструктуралык
мүмкүнчүлүктөрдү синхрондоштурууга жана бажы процедураларын жөнөкөйлөтүүгө
жасалууда. Бул ТМУ өлкөлөрүнүн ортосундагы экономикалык интеграцияны кыйла
кеңейтүүгө мүмкүндүк берет. Анткени Казакстан Түркия жана уюмдун башка
мамлекеттери үчүн Кытайдын жана Азия-Тынч океан аймагынын өлкөлөрүнүн
рынокторуна жеткиликтүүлүктү кеңейтет. Республика үчүн Түркия аркылуу Европа
рынокторуна чыгууга жол ачылат.
Адем Кула, Түрк соода-өнөр жай палаталары
биримдигинин туруктуу катчылыгынын башкы катчысы:
- Сиздердин өлкө ресурстарга бай болуп, негизги өндүрүштүк жана технологиялык борбор, санариптик хаб болууга умтулат. Биздин артыкчылыктарыбыз - түрк мамлекеттеринин ортосундагы эркин соода жөнүндөгү макулдашууларды ишке ашыруу жана бажы алымсыз соодадагы тоскоолдуктарды жоюу.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

