Казакстанда Бейнеу дан терминалы ишке кошулду

Казакстанда Бейнеу дан терминалы ишке кошулду

Казакстанда Бейнеу  дан терминалы узак тыныгуудан кийин кайра жанданды. Бүгүнкү күндө ишкана алгачкы өнүмүн чыгарууга жетишти. Анда 700 тонна буудай жеткирилди. Анын 75% ун, калганы кебек түрүндө өндүрүлгөн. Ошондой эле калдыксыз өндүрүш терминалы да жайгашкан. Ал 26 гектарды түзөт. Бул Казакстан-Түркмөнстан чек арасына түз чыгууга мүмкүндүк берген 8 чакырымдык темир жолу жана кыймылдуу курамы бар дараметтүү логистикалык хаб. Бул жерде бир эле учурда 100 миң тонна данды сактоого болот. Жаңылоодон кийин суткасына 400 тонна ун жана 240 тонна аралаш тоют берүүгө чейин көбөйтүлөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков