Казакстанда суперкомпьютер системасы ишке кошулат

Быйыл Казакстанда жасалма интеллект борбору түзүлөт. Санариптик өнүктүрүү, инновациялар жана аэрокосмос өнөр жайы министрлигинин маалыматы боюнча, ал Astana Hub базасында ачылат. Аталган борбор дүйнөнүн алдыңкы тажрыйбаларын киргизүүгө арналган аянтча катары кызмат кылат. Анда өлкөнүн бизнес, илим, санариптештирүү жана башка тармактарынын өкүлдөрү, чет элдик серепчилер жолугат. Серепчилик кеңеш да түзүлөт. Мындан тышкары, жыл сайын жасалма интеллектке негизделген 100гө жакын стартап долбоор колдоого алынып, миң адис даярдалат. Кошумчалай кетсек, 2026-жылга чейин бул жаатта жылына 1 миллиард доллар экспорттук кирешеге жетишүү милдети аныкталган. Өлкөдө жасалма интеллекттин дараметин жогорулатуунун алкагында «суперкомпьютер» системасын ишке киргизүү көздөлгөн. Бул кубаты күчтүү серверлердин топтому. Атап айтканда, анда маалыматтар сакталат.

 

Гизат Байтурсынов, Санариптик Өнүктүрүү, Инновациялар Жана Аэрокосмос Өнөр Жайы Министрлиги Департаментинин Мүдүрү:

- Биз азыркы учурда маалыматты «smart ukimet»  аркылуу бир платформада маалымат чогултуу иштерин жүргүзүп жатабыз. Ал маалыматты алдыдагы убакытта биздин керектөөчүлөргө жасалма интеллект боюнча өнүм жасоо үчүн беребиз. Ал эми анын эсептөө кубатын жүзөгө ашыруу үчүн G42 компаниясы менен биргеликте үстүбүздөгү жылдын ортосунда Казакстанда суперкомпьютерди пайдаланууга беребиз деген оюбуз бар.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков