Сауд Арабиясында казакстандык инновациялык хаб ачылды

Сауд Арабиясында казакстандык инновациялык хаб ачылды

Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африка рыногунда кеңейүүнү каалаган инновациялык долбоорлор менен бизнестин бардык түрлөрүн илгерилетүү. Бул максатта Эр-Риядда казакстандык инновациялык хаб ачылды. Ошентип, көрүнүктүү философтун ысымын алган Al-Farabi Innovation Hub Сауд Арабиясына таланттуу ишкерлерди жана ата мекендик инновациялык стартаптарды тартат деп күтүлүүдө. Муну менен катар, стартапчылар инкубация жана акселерация программаларынан өтүүгө, ошондой эле, ар кандай серепчилер, ийгиликтүү ишкерлер менен соода кылууга мүмкүнчүлүк алат. Буга кошумча, «Tumar» венчурдук фондунан баштапкы инвестицияларды сунуштайт. Тармактык мекеменин маалыматы боюнча, Al-Farabi Innovation Hub 5 жыл ичинде стаптарга бери дегенде 300 миллион доллар тартууга жана 1 миллиарддан ашык кызмат көрсөтүүнү экспорттоого ниеттенүүдө.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков