Казакстан ШУАР аймактар аралык кызматташтык III форумуна катышат

Казакстан ШУАР  аймактар аралык кызматташтык III форумуна катышат

Казакстан Шиңжаң-Уйгур автоном районунун аймактар аралык кызматташтык III форумуна, ошондой эле, «Кытай-Евразия» эл аралык ЭКСПО көргөзмөсүнө катышат. Республика өкмөтүнүн маалымат кызматынын билдиргенине караганда, иш-чара ушул жылдын жай айларында, тагыраагы кулжа айынын 26да Үрүмчү шаарында болот. Белгилей кетсек, акыркы жылдары өлкө Шиңжаң-Уйгур автоном району менен өз ара аракеттенүүнү жигердүү  кеңейтүүдө.  2023-жылдын аягында өз ара соода жүгүртүү 20 миллиард долларга жетип, 70% өстү. Ал эми быйылкы жылдын 2 айында тараптар 3,5 миллиард доллардан ашык товар алмашкан. Бул 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 90 пайызга жогору. Жалпысынан бүгүнкү күндө Казакстан менен болгон соода Шиңжаңдын тышкы соода жүгүртүүсүнүн 40% түзөт.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков