КЭА өкүлдөрү: Эл суу ташкыны учурунда биримдигин көрсөттү

КЭА өкүлдөрү: Эл суу ташкыны учурунда биримдигин көрсөттү

Суу ташкынына каршы күрөшүү элдин биримдигин ачык көрсөттү. Буга этномаданий бирикмелердин, коомдук уюмдардын өкүлдөрү ишенимдүү. Кыйын кырдаалдарга биргелешип каршы туруу казакстандыктардын камкордугун жана жарандык жоопкерчилигин көрсөтөт. Бул тууралуу Казакстандын президенти билдирди. Ал эми мындай иш-чаралар жаш муундарды тарбиялоодо керек болгон эрдиктин жана жан аябастыктын жаркын үлгүлөрү деп эсептешет Ассамблеянын өкүлдөрү.

Юрий Шин, КЭАнын төрагасынын орун басары:

- Суу ташкынына каршы күрөшүүнүн оор мезгилинде куткаруучулар жана ыктыярчылар менен биргеликте гуманитардык жардамды чогултуу, жеткирүү боюнча биздин этномаданий этностук бирикмелер алдыңкы катарда болушту. Элибиздин биримдигин өз көзүбүз менен көрдүк. Ал суу ташкыны мезгилинде тез мобилизациялоого жана туура чечим табууга мүмкүндүк берди.

Тимур Жумурбаев, Жаштар Ассамблеясы уюмунун төрагасы:

- Суу ташкыны орун алган күндөн тартып эле «Жүрөктөн жүрөккө» акциясын баштаганыбыз да бекеринен эмес. Кыйынчылыкка биринчилерден болуп көңүл буруу жана дайыма эл менен бирге болуу — Ассамблеянын мүчөлөрүнүн духунда. КЭАнын 12 миң ыктыярчысы Казакстан элине жардам берүүгө шашылды. Ошондон бери көмөктөшүп жатышат. Биздин алдыбызда табигый кырсык тарабынан жабыркаган нерселердин бардыгын калыбына келтирүү милдети турат. Ал эми бул иш ушундай эле биримдикти жана ынтымакты талап кылат. 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков