Казакстандын Президенти
Конституциялык комиссиянын жетекчилери менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.
Конституциялык комиссиянын жана Конституциялык соттун төрайымы Эльвира Азимова,
комиссиянын төрайымынын орун басары - Мамлекеттик кеңешчи Ерлан Карин жана
комиссиянын мүчөсү - Президенттин укуктук маселелер боюнча жардамчысы Ержан
Жиенбаев Мамлекет башчысына Баш мыйзамдын жаңы долбоору боюнча аткарылган иштер
тууралуу отчёт беришти. Бүгүнкү күнгө чейин eGov жана e-Otinish порталдарына
коомчулуктан келип түшкөн сунуштардын саны 4 миңден ашты. Жарандар долбоорду
бүгүнкү күндүн талаптарына жана коомдун кызыкчылыктарына жооп берет деп тааныйт.
Саясий партиялар, республикалык жана аймактык коомдук уюмдар Баш мыйзамдын жаңы
долбоорун колдой турганын билдирди. Касым-Жомарт Токаев Конституциялык
комиссиянын иши ачык форматта улантылышы керектигин белгиледи. Президент
серепчилер жана коомчулуктун өкүлдөрү тарабынан берилген бардык сунуштарды
кылдат талдоону тапшырды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

