Казакстандын Президентине Коргоо министрлигинин иши тууралуу маалымат берилди

Казакстандын Президентине Коргоо министрлигинин иши тууралуу маалымат берилди

Казакстандык тынчтык орнотуучулар Голан дөңсөөлөрүндөгү миссиясын ийгиликтүү аяктады. Аскер кызматкерлеринин тынчтыкты жана коопсуздукту сактоого кошкон салымы жогорку эл аралык баага татыды. Бул тууралуу Мамлекет башчысына Коргоо министри Даурен Косанов билдирди. Ал ошондой эле Голан дөңсөөлөрүнө үчүнчү улуттук контингент жөнөтүлгөндүгүн кабарлады. Министр армиянын согуштук даярдыгы, санариптик технологияларды киргизүү жана алдыдагы «Ыкчам каршылык көрсөтүүү» машыгуулары тууралуу да маалымат берди. Жаштарды аскердик-патриоттук тарбиялоо маселелерине, атап айтканда, кулжа айынын 21-27  күндөрү Бурабайда өтө турган «Айбын-2026» жаштардын эл аралык аскердик-патриоттук жыйынына даярдыкка өзгөчө көңүл бурулду. Жолугушуунун жыйынтыгында Касым-Жомарт Токаев Куралдуу күчтөрдүн согуштук даярдыгын мындан ары чыңдоо жана армияны санариптик трансформациялоо боюнча тапшырмаларды койду.

Которгон: Илгиз Жамалбеков