Казакстан курамасы Канвон олимпиадасына аттанды

Казакстан курамасы Канвон олимпиадасына аттанды

Улуттук курама Канвондогу жаш өспүрүмдөр арасындагы кышкы Олимпиадага аттанды. Мелдештер үчтүн айынын 19нан бирдин айынын 1не чейин өткөрүлөт. Кореяда өлкө намысын коргогон спортчулар спорттун 5 түрү боюнча күч сынашат. Ата мекендик атлеттер дүйнөлүк мелдешке 30 жолдомо утуп алган. Жалпысынан Кореядагы мелдешке дүйнөнүн 70 өлкөсүнөн 1800дөй спортчунун катышуусу күтүлүүдө. Алар 81 комплект медаль үчүн күч сынашат. Белгилей кетсек, Казакстан бул мелдешке 2012-жылдан бери катышып келет. Жылдан-жылга эл аралык мелдештерге барган спортчулардын саны да көбөйүүдө.

¤

Айгүл Бектенова, Туризм жана спорт министрлигинин комитети төрагасынын орун басары:

- 2020-жылы Лозаннадан тилекке каршы биздин спортчулар байгесиз кайтышты. Эми быйыл хоккейден 13 жолдомо алдык. Анын натыйжасында спортчулардын саны көбөйдү. Биздин негизги максатыбыз - жеңиш жолунда спортчуларды колдоо болуп саналат.

Елсияр Канагатов, Олимпиадалык оюндарга даярдоо боюнча штаб жетекчиси:

- Биздин алган жолдомолор мурдагыга караганда көбүрөөк. Жалпысынан кышкы спорт түрлөрүн өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүктөр жана шарттар бар деп ойлойм.

2024-жыл ири мелдештерге бай болот. Ал эми Канвондогу оюндар Олимпиадалык жылдын алгачкы башталышы. Жалпысынан быйыл өлкөнүн намыскөй спортчулары 765 эл аралык мелдешке катышат. Өлкө аймагында 6 дүйнөлүк жана 7 Азия чемпионаты өтөт. Аяк оона айында борбор калаада уюштурула турган V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынан да үмүт чоң.

Которгон: Илгиз Жамалбеков