Өзбекстанда Евразияда санариптик технологияларды өнүктүрүү маселеси
талкууланды. Ташкентте өткөн эл аралык форумга 500 делегат чогулду. Эки күн бою
беделдүү серепчилер жана дүйнөлүк алдыңкы компаниялардын өкүлдөрү жасалма
интеллекттин, 5G жана кийинки муундагы тармактардын, инновациялардын, жалпы эле
телекоммуникация тармагынын дараметин жана мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Иш-чарада
маалымат борборлорунун туруктуу жана коопсуз байланышын, заманбап санариптик
чечимдердин жана өнөктөштөрдүн ролун камсыз кылуу маселелери да каралды. Серепчилер
өз ара жаңы идеялары жана тажрыйбалары менен бөлүштү. Максаты - аймакта
санариптик трансформацияны тездетүү, санариптик технологияларды колдонуу
чөйрөсүн кеңейтүү.
Шерзод Шерматов, Санариптик
технологиялар министри/Өзбекстан:
- Акыркы жылдарда сапаты жагынан
да, жеткиликтүүлүгү боюнча да жогорку ылдамдыктагы интернеттин камтуу деңгээли
бир топ жогорулаганы байкалды. Бул өз кезегинде IT тармагынын активдүү
өнүгүшүнө жана аталган тармактагы адистердин санынын көбөйүшүнө шарт түзөт. Биздин
максат – өсүп келе жаткан муундун жогорку маяналуу кесиптерге ээ болушуна жана
аралыктан кызмат көрсөтүүгө шарт түзүү. GSMA 360 сыяктуу иш-чараларды өткөрүү
өлкөнүн аймактык IT хаб катары позициясын бекемдейт.
Саьдулло Исфандиери, Тажикстан
өкмөтү алдындагы байланыш кызматынын башчысы:
- Тармактагы аймактык байланыш
жетекчилеринин кеңешмесинде көтөрүлгөн бардык маселелер бул сектордогу биздин
мамлекеттердин ишин жакшыртууга багытталган. Анда маалыматтык коопсуздукту
камсыздоо, спутниктик жана геостационардык эмес жандоочторду пайдалануу, өз ара
жыштыктарды бөлүштүрүү маселелерин комплекстүү карадык.
Адистер санариптик технологиялар боюнча мындай жыйындар жаңы эл аралык
келишимдерге жетишүүгө шарт түзөрүн айтышат. Бул аймактын IT-билим берүү жана
жогорку технологиялык секторлорун өнүктүрүп, инвестициялык тартымдуулугун
жогорулатууга түрткү берет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

