Астанада «БУУ жана мен» фото көргөзмөсү ачылды

Борбор калаада өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө зор салым кошкон бир катар казакстандыктын кайталангыс тагдырынан кабар берген фото көргөзмө сунушталы. «БУУ жана мен» аттуу көргөзмөдө өлкө камкордугунда жасаган жакшы иштери менен башкаларга үлгү болгон 30 адамдын өрнөктүү өмүрү сүрөт аркылуу баяндалды. Мында түрдүү тармак өкүлдөрү камтылган. Өлкө студенттери менен коомдук кызматкерлердин, дарыгерлердин, ишкерлердин, мамлекеттик кызматкерлердин глобалдык кызматташтык жолунда уютку болгон үлгүлүү иштери даңазаланат. Бириккен Улуттар Уюмунун Казакстандагы Туруктуу координатору Микаэла Фриберг-Стори белгилегендей, көргөзмөдөгү ар бир фото-сүрөт үлгүлүү кызматтын жарчысы сыяктуу.

Микаэла Фриберг-Стори, Казакстандын БУУдагы туруктуу координатору:

- Бул көргөзмө - Казакстандагы БУУнун командасы жүргүзүп жаткан иштеринин күзгүсү десек болот. Бүгүн биз Казакстандын бардык аймактарынан келген карапайым казакстандыктардын – эркектер менен аялдардын, кыздар менен жигиттердин 30 окуясын тааныштырабыз. Алар өздөрүнүн жеке мисалдары менен өлкөнүн туруктуу өнүгүү жолунда БУУнун көрсөткөн колдоосу тууралуу айтып беришет.

Көргөзмөнүн башкы каармандарынын арасында Асем Тажиева да бар. Ал IT чөйрөсүндө ишкердик менен алектенет. Ozim Platform социалдык долбоору да анын иштеп чыгууларынын бири. Мобилдик тиркеме балдардын, ошондой эле, өзгөчө муктаждыктары бар ымыркайлардын эрте өнүгүүсү үчүн уникалдуу курал болуп саналат. Санарип платформа өзгөчө муктаждыгы бар балдардын ата-энелери үчүн алардын социалдык өнүгүүсү менен коомго ыңгайлашуу учуруна арналган табылгыс курал десек да болот.

Асем Тажиева, ишкер:

- «БУУ-Аялдар» бенефициары болуу менен, UN-Women's акселерациялык программасынан өтүп, мен 2023-жылы Казакстандагы ТОП-5 ишкер айымдардын тизмесине кирдим. Бул программанын жардамы менен инвестициялык билимимди өркүндөтүп жатам. Биз ЮНИСЕФ менен өнөктөштүктө программаларды иштеп чыктык. БУУ демилгеси менен башталган биздин стартапка макам алдык. Бул Digital public goods  – ар кайсы өлкөлөрдө колдонула турган санариптик коомдук пайдалуу иштер.

 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков