Парижде жасалма интеллект саммитинде Казакстандын санариптик чечимдери жогору бааланды

Парижде жасалма интеллект саммитинде Казакстандын санариптик чечимдери жогору бааланды

«Казакстан жасалма интеллектти ар тараптуу өнүктүрүүгө басым жасап, нейрондук желелерди бардык тармактарга киргизе баштады». Бул тууралуу Франциянын Казакстандагы элчиси Сильван Гиоге каналга берген маегинде билдирди. Анын айтымында, жакында Парижде өткөн Жасалма интеллект боюнча иш-аракеттердин саммитинде чет элдик делегациялар Казакстандын тарамакты өнүктүрүү дараметин жогору баалашкан. Белгилей кетсек, республика Борбор Азия чөлкөмүнөн глобалдык саммитке катышкан жалгыз өлкө болду. Жолугушууда атамекендик санариптик чечимдер жана Alem.AI борборунун концепциясы тааныштырылды. Казак тарап GPAI – жасалма интеллект технологияларын өнүктүрүүгө жана жоопкерчиликтүү колдонууга багытталган эл аралык демилгеге кошулуу ниетин билдирди.

Сильван Гиоге, Франциянын Казакстандагы элчиси:

- Париждеги саммиттин негизги жыйынтыгы – адамдар үчүн туруктуу жасалма интеллект боюнча билдирүүгө кол коюу болду. Анткени биз жасалма интеллекттин жеткиликтүүлүгүнүн принциптерин жайылтууну каалайбыз: ачыктыкты, айкындуулукту, ишенимдүүлүктү, жасалма интеллектин башкаруусун камсыздоо. Ал эми Казакстан бул билдирүүнү дүйнөнүн 60ка жакын өлкөсү менен бирге колдоду.

Которгон: Илгиз Жамалбеков