Казакстанда бирдин айында транспорт өндүрүшү 10% өстү

Казакстанда бирдин айында транспорт өндүрүшү 10% өстү

Казакстанда бирдин айында автоунаа өндүрүшү артты. Өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу өсүш 10% түздү. Жалпысынан өткөн айдын жыйынтыгы боюнча 146 миллиард теңгеге 11 миң даана унаа чыгарылган. Ал эми жыл башынан бери заводдордон бардык үлүдөгү 22 миң автоунаа чыкты. Алардын наркы 295 миллиард теңгеге барабар. Өндүрүштүн негизги үлүшү жеңил унааларга туура келет. Атап айтканда, республика боюнча 20 миң темир тулпар чыгарылган. Бул тууралуу Казакстандын Автоунаа биримдиги билдирди. Казакстанда электромобилдерге суроо-талап жогору. Алар боюнча өзүнчө статистиканы Energiprom.kz порталы сунуштады. Акыркы жылы өлкөдө электрондук кыймылдаткычтар аркылуу жүргөн 7500 темир тулпар расмий катталып, бул көрсөткүч 9 эсеге өскөн. "Жашыл", башкача айтканда, экологиялык жактан таза унаалардын саны 2023-жылдын бугу айынан бештин айына чейин кескин көбөйгөн. Адистердин айтымында, бул 2025-жылдын аягына чейин салыксыз электромобилдерди киргизүү мүмкүнчүлүгүнөн улам мүмкүн болууда.

Которгон: Илгиз Жамалбеков