Казакстан санариптик дүйнөнүн реалдуулугуна ыңгайлашып, учурдун талабына жооп берген экосистеманы түзүүгө ниеттенүүдө. Өлкөдө иштелип жаткан «телекоммуникация жана маалыматтарды иштеп чыгуу тууралуу» мыйзам бул ирет да маанилүү кадам болуп калат. Бул документ азыр тармактын алдыңкы серепчилери, мамлекеттик органдардын, бизнестин жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү тарабынан жигердүү талкууланууда. Колдонуудагы мыйзамдар телефония жана почта байланышын жөнгө салып келген. Адистер аны жаңылоого убакыт келди дешет. Эми ал интернет, Wi-Fi, радио-жыштыктар жана 5G сыяктуу жаңы технологияларды эске алуу менен кайра карап чыгууну талап кылат. Жаңы мыйзам демилгелерин, ошондой эле «байланыш тууралуу мыйзамына» зарыл түзөтүүлөрдү талкуулоо үчүн атайын жумушчу топ түзүлдү. Ар кандай отурумдарда жана угууларда ата мекендик телекоммуникация рыногунун катышуучулары өз сунуштарын айтышты. Алардын арасында лицензиясыз интернетти орнотуу, тармакка инвестицияларды тартуу, калкты сапаттуу интернет жана байланыш менен камсыз кылуу жоопкерчилигин мыйзам аркылуу бекитүү бар. Жалпысынан, тармактык мекеменин маалыматында, атамекендик телекоммуникация тармагын өнүктүрүү мыйзамдык жана технологиялык деңгээлде параллелдүү жүргүзүлүүдө.
Асхат
Оразбек, Санариптик өнүктүрүү, инновациялар жана аэрокосмос өнөржай
вице-министри:
- 3
миңден ашык айыл була-оптикалык байланыш менен камсыз болушу керек. Өткөн
жылдын бештин айында республикалык бюджеттик комиссия бул иштерге каражат
жумшай турганын ырастады. Ошондой эле Дүйнөлүк банк менен биргеликте айыл
жериндеги калктуу конуштарга тармак курууга субсидия каралган. Азыр долбоор
өлкө парламентинин кароосунда жатат. Ал эми үчүнчү долбоорубуз-негизги
республикалык жана облустук жолдорду бойлото антенна-орнотуучу курулуштарды жүргузүү.
Биз аны ишке ашыруунун жүрүшүн карап жатабыз.
Айнур Бейсенбаева, Санариптик өнүктүрүү, инновациялар жана аэрокосмос өнөржай комитетинин башкарма башчысы:
- Мыйзам дайыма жаңыланып турду. Бул жолу биз бардык аныктамаларды белгиледик. Мыйзам бир аз эскирди. Тармак түзүлгөндө телефондоштурууга байланыштуу терминдер дагы деле бар. Азыр интернетти өнүктүрүү менен байланышкан 5G, 6G технологиялары сыяктуу заманбап кызматтарды эске алуу менен, аны толугу менен актуалдаштыруу керек. Үчтүн айы жана бирдин айларында биз түзөтүүлөрдүн бардык топтомун түзүшүбүз керек. Андан ары тийиштүү мамлекеттик органдар, коомдук бирикмелер менен макулдашабыз жана аларды ЖМКга жарыялайбыз. Интернетте талкуу жүргүзөбүз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

