Казакстан Бресттеги форумга катышты

Казакстан Бресттеги форумга катышты

Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында Брест чебин Советтер Союзунун ар кайсы аймактарынан келген жоокерлер коргогон. Жалпы эрдикти эске салуу – элдердин ортосундагы достуктун, өз ара сый-урматтын жана тилектештиктин эң бекем пайдубалы. Бул тууралуу Казакстан Парламентинин Мажилисинин төрагасы Беларусь жеринде өткөн «Улуу мурас – жалпы келечек» аттуу эл аралык форумда белгиледи. Ерлан Кошанов Брест чебин коргогон казакстандык жоокерлердин эрдигине өзгөчө көңүл буруп, курман болгон баатырлардын ысымдарын жаңыртуу жана даңазалоо боюнча иштин маанилүүлүгүнө токтолду. Кийин казакстандык делегация «Баатыр Брест чеби» мемориалдык комплексине гүл коюп, музейге аты уламышка айланган казак учкуч – Хиуаз Доспанованын айкелин белекке берди.


¤Ерлан Кошанов, Парламент мажилисинин төрагасы:


Брест гарнизонундагы жети миң аскер кызматкеринин болжол менен миңге жакыны Казакстандан келген жоокерлер болгон. Алардын дээрлик бардыгы ушул жерде каза болушкан. Азыркы учурда дүйнө жаңы чакырыктарга туш болуп жаткан кезде биздин жалпы милдетибиз – тарыхыбызды сактап, аны жаш муундарга жеткирүү. Былтыр Астанада өткөн аскердик парадда сүйлөгөн сөзүндө президент Касым-Жомарт Токаев согуш тууралуу чындыкты сактоо маанилүү экендигин белгилеген, анткени чындыкты билмейинче тынчтыктын баасын түшүнүү мүмкүн эмес.

Которгон: Илгиз Жамалбеков