«Санариптик нотариус» долбоору онлайн түрүндө кызмат кылат

«Санариптик нотариус» долбоору онлайн түрүндө кызмат кылат

Казакстандын жарандары ишеним каттын айрым түрлөрүн нотариуска барбай эле бере алышат. Мындан ары бул кызматты алыстан алууга мүмкүнчүлүк туулат. Ал үчүн болгону enis.kz сайтынын «Санариптик нотариалдык ишмердүүлүк» кызматына өтүү кажет. Жеке кабинетке киргенден кийин, аймакты тандап, сунушталган тизмеден кызмат көрсөтүүчүнү жана онлайн сертификаттын түрүн тандоо керек. Колдонуу үчүн электрондук санариптик кол коюу талап кылынат.

Толкын Алиева, Республикалык наториалдык палатанын юристи:

- WhatsApp номериңизди көрсөтөсүз, анткени сиз видео чалуу жасайсыз. Ошондой эле, социалдык камсыздандыруу номериңизди көрсөтүү менен арыз бере аласыз. Аны тапшыргандан кийин нотариус жөнүндө маалымат аласыз. Кайсы нотариуска кайрылдыңыз, ал адам кайда отурат, телефон номерлери көрсөтүлөт. Андан соң чакыруусун күтөсүз. Мыйзам чегинде эркиңиз менен, бардык документтериңизди текшерип, андан кийин нотариалдык иш-аракетти жасап берет.

Бул жакында ишке кирген «Санариптик нотариус» пилоттук долбоорунун артыкчылыгы. Азырынча сыноодон өтүп жаткан системада кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеси чектелүү. Негизинен, пандемия учурунда коомдук суроо-талапты жараткан ишеним каттын айрым түрлөрү камтылган.

Айнур Асылханова, Казакстандын адилет министрлигинин серепчиси:

- Бул Казакстан Республикасынын бардык мамлекеттик жана башка компетенттүү органдарында, мекемелерде, менчик ишканаларында кызыкчылыктарын билдирүүгө жана мурастык иштерди жүргүзүү, муну менен катар сот иштери үчүн ишеним каттар.

Учурда демилгеге Павлодар, Түндүк жана Батыш Казакстан облустары гана катышууда. Келечекте бул тажрыйбаны өлкөнүн башка аймактарына да жайылтуу жана нотариалдык онлайн кызматтардын спектрин кеңейтүү көздөлүүдө.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков