Астанада заманбап эмгек рыногунун жаңы тенденциялары талкууланды. Борбор калаада өткөн жыйынга өкмөт мүчөлөрү, БУУнун, Дүйнөлүк банктын жана башка ата мекендик, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, серепчилер катышты. Жыйындын катышуучулары санариптик технологиялар менен чечимдер жана жасалма интеллекттин ишке орношууга тийгизген таасири тууралуу талкуулап, пикир алмашышты. Талдоочулардын айтымында, жасалма интеллект системасынын дүйнөлүк экономикага кошкон салымы жакында 15 жарым триллион доллардан ашуусу мүмкүн. Бул тенденция Казакстанда да кеңири жайылып келүүдө. Эмгек рыногунда инновациялар жигердүү колдонулуп жатат.
Хавьер Санчес-Роза,
Дүйнөлүк банктын Европа жана Борбор Азия мамлекеттериндеги социалдык коргоо
тармагы боюнча ага экономисти:
- Биз келечектеги
кесиптерге атайын жеке талдоо жүргүзгөн жокпуз. Анткен менен, санариптик
экономика, калктын картаюусу жана жашыл экономикага өтүү жагдайындагы дүйнөдөгү
мега-тендецияларды эске алсак, көптөгөн санариптик кесиптердин келечеги бар
экени талашсыз. Ошондой эле жашыл экономиканын өсүшү жаңы кесиптердин пайда
болушуна шарт түздү. Бул багыттарга артыкчылык берген өлкөнүн келечеги кең
болот деп ойлойм.
Заманбап санариптик
чечимдер байланышты оптималдаштырып, HR процесстерин автоматташтыруунун
бирден-бир жолу. Маселен, кызматкердин иш тартибин жана анын эмгек акысын
башкаруунун атайын куралын түзгөн IT-компаниянын өкүлдөрү буга ишенет. Компания
өлкөнүн рыногунда 5 жылдан бери иштеп келет. Анын адистери биринчилерден болуп
адамдын биометрикасынын негизинде уникалдуу платформаны иштеп чыгышкан. Башкача
айтканда, долбоордун азырынча альтернативасы жок.
Камила Темирова, HR-жараяндарды
автоматташтыруу компаниясынын менеджери:
- Биздин колдонмо
кызматкерлердин жумушка катышуусу боюнча так маалыматтарды берет. Мындан
тышкары, программа кызматкерлерге тиешелүү бардык маалыматтарды камтыйт. Бул
аларга оптималдуу иш тартибин, суроо-талаптарды жана кээ бир эс алууларды
түзүүгө байланышкан рационалдуу чечимдерди сунуштайт. Башкача айтканда, биздин
атайын программа жайгашкан жерине жараша кызматкердин жумушуна байланыштуу
маалыматтарды чогултуп, анын негизинде так отчётторду жасайт. Мунун баары
арызда чагылдырылган. Веб версиясы да бар. Мисалы, сиз иш сапарда же саякатта
болсоңуз да, дүйнөнүн каалаган жеринен кызматкерлердин ишин алыстан
көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков.