Алматылык программист жасалма интеллекттин жардамы менен казак баатырларынын, легендарлуу инсандарынын жана жомок каармандарынын заманбап образын жаратат. Бүгүнкү күндө ал Абай Кунанбай уулу, Ыбырай Алтынсарин, Алихан Бөкейхан жанан Шокан Уалиханов, алтургай улуттук Кыдыр Ата менен Акшакардын келбетин келиштире жасаган. Азыр Талгат Байтөкешевдин математикалык эсептөөлөрдүн негизинде атайын программанын жардамы менен монтаждалган сүрөттөрү интернет желесинде тарады. Уникалдуу чыгармалар казакстандыктар менен бирге чет элдиктер арасында да кеңири таанылган. Ата мекендик таланттын ээси хоббиси дүйнөлүк коомчулукка таанылат деп күткөн эмес дейт. Талгатга бир катар чет элдик IT жана оюндарды иштеп чыгуучу компаниялардан өнөктөштүк түзүү сунушу түшкөн. Казак программисти эми элдик жомоктордун каармандарынын анимациялык образын түзүүнү пландап жатат. Максаты – казак элинин бай тарыхын, маданиятын дүйнөгө таанытуу.
Талгат Байтөкешев, программист:
- Өзүбүздүн оригиналдуу каармандарыбызды түзүү боюнча көптөгөн сунуштар түшүп жатат. Менимче, батыш өлкөлөрүнүн элдери казак баатырларынын образдарын кайталангыс деп эсептешет жана алар менен таанышууга дилгир. Биринчиден, сактардын образын заманбап техниканын жардамы менен реалдуу кылып көрсөтүүгө аракет жасайбыз. Бул бейненин сапаты үчүн зарыл. Андан кийин биз анимацияларды түзүп, ботторго көрсөтмөлөрдү беребиз.
Которгон: Илгиз жамалбеков