Мындай өндүрүштү колго алуу өлкөнү чет элдик жүк ташуучулар үчүн жагымдуу кылат. Ошондой эле, бул жалпы аймактын аба коопсуздугун камсыз кылып, тармактын өнүгүшүнө жаңы дем берет. Мындай пикирин Казакстандын биринчи авиациялык форумуна катышкан чет элдик тажрыйбалуу серепчилер билдиришти. IPADIS эл аралык бейөкмөт уюмунун президенти Олумиюва Бенард Алиунун айтымында, аймактагы өлкөлөр бул багытта Казакстандан көп нерсени үйрөнө алышат жана өлкөнүн өнөр жайын жакшыртууга мүмкүнчүлүгү жетиштүү.
Олумиюва Бенард Алиу, IPADIS президенти:
- Казакстан Борбор Азия чөлкөмүндөгү алдыңкы өлкө. Азия менен Европанын ортосунда жайгашкандыгын жана өлкөнүн аймагынын кеңдигин эске алганда Казакстанда авиацияны өнүктүрүү үчүн чоң мүмкүнчүлүктөр бар. Учурда ата мекендик авиация өлкөнүн экономикасынын тез өнүгүшүнө чоң салым кошуп жатканын көрүп жатабыз. Бүгүнкү жолугушуу Казакстан бүтүндөй аймактагы аталган тармакта алдыңкы катарда экенин көрсөттү. Ошондуктан, республикада бул багытта болгон мүмкүнчүлүктөрдү сарамжалдуу пайдаланууга болот. Жарандык авиацияга болгон ички суроо-талапты канааттандыруудан тышкары, аймактык жана дүйнөлүк деңгээлде өнүгүү үчүн шарттар бар.
ИКАОнун конференцияларынын биринде уюмга мүчө мамлекеттер 2050-жылга чейин реактивдүү күйүүчү майды экологиялык жактан таза жана коопсуз түргө алмаштыруу багытында биргелешип иштөөнү макулдашты. Маселен, Казакстан жана башка региондун өлкөлөрү “жашыл” биоотун өндүрүүгө жөндөмдүү. Катуу тиричилик таштандыларынан альтернативалуу өнүмдү алууга болот, - дешет IATA федералдык аба транспорт агенттигинин өкүлдөрү.
Мехмет Нане, IATA мүдүрлөр кеңешинин төрагасы:
- Казакстанда, жалпы эле Борбор Азияда буга муктаждык бар. Бүгүнкү күндө дүйнөдө жашыл отун өндүрүүнүн эки булагы бар. Аны дан эгиндеринен жана тиричилик калдыктарынан алууга болот. Менимче, экинчи жолду тандаган жакшы. Анткени бүгүнкү күндө дүйнөдө миллиарддаган адамдар тамак-ашка муктаж. Ошондуктан, дан эгиндерин тамак-ашка пайдалануу жана таштандыларды кайра иштетүү аркылуу биоотун өндүрүүгө басым жасаса жакшы болот деп эсептейм.
Которгон: Илгиз Жамалбеков