Казакстанда Түрк тилдүү мамлекеттерге арналган жаңы «Туран» атайын экономикалык аймагы түзүлөт

Казакстанда Түрк тилдүү мамлекеттерге арналган жаңы «Туран» атайын экономикалык аймагы түзүлөт

Ал «Түркестан» экономикалык аймагынын ордунда түзүлөт. Тиешелүү документ «Ачык» ченемдик укуктук актынын сайтында талкууланууда. Документке ылайык, АЭАнын аймагы 4600 гектардан ашат. Анын курамына өнөр жай зоналары жана аэропорт кирет. Бул жерде негизинен айыл чарба өнүмдөрү, электр жабдуулары өндүрүлөт. Ошондой эле, унаа жасоонун өнөр жай-өндүрүштүк кластерин түзүү пландаштырылууда. Эскерте кетсек, Түркестан облусунун аймагында түрк өлкөлөрү үчүн эркин экономикалык аймак түзүү тапшырмасын 2021-жылдын жалган куран айында Түрк мамлекеттер уюмунун саммитинде президент Касым-Жомарт Токаев берген.

Которгон: Илгиз Жамалбеков