Гонконгдо илдет кайрадан өрчүдү

Гонконгдо илдет кайрадан өрчүдү

Гонконг пандемия башталгандан берки эң оор учурду башынан кечирүүдө. Эпидемиологиялык кырдаалдын курчушуна байланыштуу бийлик Кытайдын 7 жарым миллионго жакын административдик аймагынын калкын COVID-19га тестирлөөнү мерчемдеп жатат. Мегаполисте инфекциянын 4200дөн ашуун учуру тастыкталды. Аба ырайынын сууктугуна карабай ооруканада орун жетишсиздигинен дарыгерлер короолорго чатыр тигип, бейтаптарды ошол жерден дарылоого аргасыз болууда. Учурда бул жерде абанын температурасы +14 градусту түзүп жатат. Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Гонконг бийлигин тийиштүү чараларды кабыл алууга чакырды. Азыр бул жерде бардык мектептер, маданий, спорттук жана оюн-зоок жайлары жабылды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков