2022-жылы Казакстанда 30дан ашык тарыхый-маданий мурас обьектти калыбына келтирилди

2022-жылы Казакстанда 30дан ашык тарыхый-маданий мурас обьектти калыбына келтирилди

Максаты — баалуу архитектуралык эстеликтерди сактоо. Кайрадан жаңыртылган эски жана касиеттүү жерлер  коло доорунан баштап 19-кылымдын аягына чейинки мезгилди камтыйт. Мындай куттуу жерлердин бири Алтынсар шаарчасы. Учурда байыркы шаарды ЮНЕСКОнун тизмесине киргизүү иштери кызуу жүрүп жатат. Бул жети Асар маданиятынын эң чоң белгилүү чептери. Бүгүнкү күндө байыркы шаардын ордунда сепил менен сарайды реконструкциялоо иштери аяктады.

Күмис Сейитова, маданият жана спорт министрлиги комитети төрагасынын орун басары:

- 2022-жылы 17 маанилүү тарыхый жана маданий эстелик илимий негиздеме боюнча калыбына келтирүү иштери жүргүзүлдү. Бул тизмеге Азирет-Султан музей-коругу, Отырар шаары, Жаркент мечити, Ботай шаарчасы жана Бөкей Ордосу, Ахмет Байтурсын уулунун үй-музейи, Бекет-Ата жер астындагы мечит, Сауран архитектуралык-археологиялык комплекси, Абылай хан резиденциясы жана башка объекттер кирди.

Тиешелүү мекеменин өкүлүнүн айтымында, казакстандык окумуштуулар жана чет элдик адистер тарыхый объектилерди калыбына келтирүү ыкмалары жана технологиялары боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга жигердүү киришти. Серепчилер эски курулуш материалдарынын курамынан баштап, климаттык өзгөчөлүктөргө чейин эске алууда.

Которгон: Илгиз Жамалбеков