Казакстандын «Улуттук маалымат технологиялары», EAӨБ Санариптик демилгелер фонду жана БУУнун алдындагы Эл аралык электр байланышы биримдиги стратегиялык кызматташтыгы боюнча макулдашты. Тараптар Борбордук Азия жана Кавказ өлкөлөрүндө электрондук өкмөттү өнүктүрүү үчүн интеграцияланган GovStack платформасын түзөт. Долбоордун максаты - аймактын өлкөлөрүндө мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жана ачыктыгын жогорулатуу, заманбап санариптик порталдар аркылуу жарандардын мамлекеттик кызматтарга жетүүсүн камсыз кылуу. Ошондой эле, долбоор Борбордук Азиядагы жана Кавказдагы өкмөттөрдүн жана коомдук институттардын санариптик трансформацияда эң мыкты билимге, ресурстарга жана инструменттерге жетүү натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков