Алатау сити үчүн мамлекеттик фонд түзүлөт

Алатау сити үчүн мамлекеттик фонд түзүлөт

Smart City макамы бериле турган Алатау шаары үчүн атайын мамлекеттик фонд түзүлөт. Ага корпоративдик киреше салыгы менен кошумча нарк салыгынан түшкөн каражаттын бир бөлүгү туруктуу түрдө которулуп турат. Мажилис Алатау шаарынын атайын макамы жөнүндө долбоорун кароого алды. Долбоорду сунуштаган төмөнкү палатанын депутаты Нуртай Сабильянов санариптик шаарды башкаруу үчүн атайын кеңеш түзүлөрүн айтты. Ага Өкмөт башчысы төрагалык кылат. Эске сала кетсек, Алатау шаары атайын экономикалык аймак катары курулган. 

Нуртай Сабильянов, Парламент мажилисинин депутаты:

- Мыйзам долбоору Алатау шаарынын экономикалык, технологиялык, илимий-билим берүү, соода жана инвестициялык борбор катары калыптанышына шарттарды түзөт. Ошондой эле, Алатау шаарына салынуучу инвестициялардын кепилдиктери менен укуктук корголушун арттырууга, Акылдуу шаар куруу жана Алатау шаарын экономикалык өнүктүрүү максатында илим менен техниканын алдыңкы жетишкендиктерин, технологиялык инновацияларды, заманбап ыкмалар менен тажрыйбаларды колдонууга багытталган.

Которгон: Илгиз Жамалбеков