Казакстан менен Өзбекстан жаңы аба багыттарын ачат

Казакстан менен Өзбекстан жаңы аба багыттарын ачат

Казакстан менен Өзбекстан жаңы аба каттамдарын ачат. Жаңы аба каттамдары бештин айынан баштап ишке кирет. Жергиликтүү авиакомпания Түркестан – Бухара, Түркестан – Үргөнч жана Түркестан – Самарканд багыттары боюнча үзгүлтүксүз учат. Рейстер ар бир багыт боюнча жумасына 3 жолу аткарылат. Бул маршруттардын ачылышы аймактардын өз ара транспорттук байланышын күчөтүүгө жана чет элдик туристтердин агымын арттыраууга багытталган. Ошондой эле, өлкөнүн Туризм жана спорт министрлиги 2026-жылы эки өлкөнүн туристтик ресурстарын бириктирүү максатында Казакстан менен Өзбекстандын туристтик дараметин биргелешип илгерилетүү пландаштырылганын билдирди. 

Которгон: Илгиз Жамалбеков