Казакстандын экономикасынын өсүү ыргагы үчтүн айы - бирдин айларында 4,2% түздү. Реалдуу сектордогу оң динамика 5,1%га, кызмат көрсөтүү тармагындагы динамика 3,5%га жетти. Тармактар ичинде курулуш, маалымат жана байланыш, транспорт, кампа, ошондой эле, кайра иштетүү өнөр жайы эң жакшы өсүштү көрсөтүүдө, деп кабарлайт Улуттук экономика министрлиги. Бул тармактарга салынган инвестиция көлөмү да бир топ өстү. Маселен, курулуш секторуна багытталган капиталдын көлөмү 2,7 эсеге өссө, калган тармактардагы өсүш 50% жакын. Бул тууралуу тармактык мекеменин жетекчиси Нурлан Байбазаров билдирди. Алдын ала жыйынтыктар боюнча 2024-жылдын үчтүн айында өлкөнүн тышкы соода жүгүртүүсү 10 миллиард доллардан ашты. Экспорт болжол менен 6 миллиард долларды түздү. Соода балансына келе турган болсок, ал 1,7 миллиард доллар көлөмүндө оң жыйынтык көрсөттү. Каржы министрлигинин маалыматы боюнча, мамлекеттик бюджетке 3,2 триллион теңге киреше түшсө, республикалык бюджет 1,9 триллион теңгеге толукталды.
Олжас Бектенов, Казакстандын Премьер-Министри:
- Бүгүнкү күндө өсүү темпи сакталып турат, деген менен динамиканы жогорулатуу зарыл. Өтө маанилүү милдет катары - инфляциялык басымды төмөндөтүү маселесине бургум келет. Инвестицияларды тартуу үчүн даяр инфраструктуранын жеткиликтүү болушун камсыздоо маанилүү. Ал үчүн аны пландуу түрдө жаңылоо кажет. Мамлекеттин экономикадагы үлүшүн этап-этабы менен кыскартуу жана бардыгы үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу экономикалык саясаттын артыкчылыктарынын бири болуп саналат. Мамлекет башчысынын экономиканы либералдоо боюнча тапшырмасынын сапаттуу жана өз убагында аткарылуусун камсыз кылуу зарыл.
Которгон: Илгиз Жамалбеков