Улуу Жибек жолунун боюндагы аймакта «Андижан мархамат»
деп аталган тыт дарактары тамыр жаят. Бул үчүн Өзбекстандан 2,5 миллион көчөт
жеткирилди. Азыр аймак чарбалары аны отургузууга киришти. Сорттун автору - Абдулфаттах
Мусырманкулов бир дарак жылына 40 тонна жалбырак берерин айтат.
Абулфаттах
Мусырманкулов, илимпоз:
- Казакстан менен биздин өлкө ортосунда келишим
түзүлдү, жакынкы үч жылда бирге иштейбиз. Биз тыт отургузууну, ага кандай кам
көрүүнү, ал тургай топуракты кантип даярдоону үйрөтөбүз.
Тыт дарагынын
мөмөлөрү түрдүү илдеттерге дабаа. Жалбырагы белок менен протеинге бай. Башкача
айтканда, жибек курттары үчүн өтө түшүмдүү азык. Ошондуктан жибек өндүрүшүн
өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет. Түштүк аймактын климаты аны өстүрүүгө абдан
ылайыктуу. Ал эми өнүмдү Чыгыш Европага, Түштүк Кореяга жана Кытайга сатууга
болот. Анткени мындай товарларга аталган мамлекеттерде суроо-талап жогору.
Султанбек Бакиров, ишкана мүдүрү:
- Бул
сорттун артыкчылыгы - жалбырактары абдан чоң, узундугу 30 см, салмагы 20 грамм.
Бир гектар жерден жалбырак сата турган болсо,
бирикме ар бир жалбырактан 45 теңгеден алууга даяр. Бул дегенибиз, 1
гектардан 2 миллион 250 миң теңге пайда табат, ал жалбыракта жибек куртун
бакса, дагы ошончо киреше табат.
Облуста 10 миң гектар
жерге тыт көчөттөрүн отургузуу мерчемделген. Бул алдыдагы убакытта анын
жалбырактарын чогулткандан сырткары, аймакта жибек өндүрүүгө мүмкүндүк берет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков