Конституциялык комиссиянын үчүнчү отурумунда бир катар
мыйзамдык сунуштар айтылып, саясий партиялардын позициялары жарыяланды. Фракция
жетекчилери бир палаталуу парламентке өтүү мыйзам чыгарууну оптималдаштырат
деген пикирде. Мажилис депутаты Елнур Бейсенбаев Курултайда фракция өкүлдөрүнөн
тең куралган комиссия түзүүнү сунуштады. Ошондой эле, ал мыйзам долбоорлорун үч
окууда кароонун артыкчылыктары тууралуу айтты. Мыйзамды мындай тартипте кароо
нормалардын сапатын жакшыртып, натыйжалуу иштешине өбөлгө түзөт.
Елнур Бейсенбаев, Парламент Мажилисинин
депутаты, Конституциялык комиссиянын мүчөсү:
- Мыйзам чыгаруу процесси тез,
ачык жана түшүнүктүү болот. Бардык мыйзам бир парламентте үч окуудан өтөт.
Башкача айтканда, алгачкы эки окуу ачык талкууланса, үчүнчү окууда анын
Конституцияга, өлкөбүздүн улуттук мыйзамдарына шайкештиги такталат. Ушул учурда,
лобби, жеке кызыкчылык жана мамлекеттик саясатка каршы келген сунуштарга толугу
менен бөгөт коёбуз. Тактап айтканда, атайын киргизилип жаткан үчүнчү окуу
негизги жана кесиптик талдаманы арттыра турган маанилүү кадам болот.
Учурдагы Конституцияда Парламент палаталарынын
функцияларын сыпаттаган 13 пункт болсо, жаңы редакцияда 23 пункт сунушталган,
башкача айтканда, ыйгарым укуктардын көлөмү бир жарым эседен ашат. Преамбулага
«Маданият жана билим баалуулуктарын, илим жана инновация жетишкендиктерин
негизге алуу менен» деген текст кошулушу мүмкүн. Ошондой эле, жеке
купуялуулукка кол тийбестикти Баш мыйзамга киргизүү сунушталды. Конституциялык
комиссия бул өзгөртүүлөрдү кеңири талкуулайт. Андан соң референдумга чыгарат.
Сунушталып жаткан өзгөртүүлөр Курултайдын макамын аныктап, бийлик
системасындагы ролун күчөтөт дешет адистер. Конституциялык реформалар боюнча
комиссиянын 4-отуруму үчтүн айынын 28де өтөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

