Казакстанда суу ташкынына каршы чараларды көрсөткөн онлайн-трансляция ишке кошулду. Эми онлайн-трансляцияны колдонуу менен ар бир жаран суу ташкынына даярдык көрүү боюнча аткарылып жаткан иштерди түз көрө алат. Видеобайкоо системасы 3 шаарда – Атырау, Орал жана Костанайда ишке кирди. Ал дамбалардын жана кошумча коргоочу үймөктөрдүн курулушуна көз салып, адамдарга шашылыш билдирүүлөрдү жөнөтүүгө мүмкүндүк берет, дейт санариптик өнүктүрүү министрлигинин өкүлдөрү. Бүгүнкү күндө онлайн-трансляция Атырау шаары менен Атырау облусунда 22 камерадан, ал эми Орал менен Костанай шаарларында 6 камерадан жүргүзүлүүдө. Керек болгон учурда алардын саны көбөйтүлүшү мүмкүн. Ошондой эле, аймактарда геодезисттер штабы түзүлдү.
Альбина Атен, Санариптик өнүктүрүү, инновациялар жана аэрокосмос өнөр жай министрлигинин расмий өкүлү:
– Тажрыйбалуу геодезисттер менен биргеликте Батыш Казакстан жана Атырау облустарындагы айылдарда 8 гидрокөзөмөлдө геодезиялык өлчөө иштерин ыкчам жүргүзүп, Павлодар облусундагы Иртыш. дарыясындагы 6 гидрокөзөмөл станциясын координациялоо иштери жүргүзүлүүдө. Мындан тышкары, Жайык дарыясынын жээгиндеги автожолдордун тосмолорун, суу каптоо коркунучу бар аймактарда Жайык өзөнүнүн жээгинде коргоо үчүн орнотулган дамбалар менен курулуштарда геодезиялык изилдөө иштери жүргүзүлөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков