Саламаттыкты сактоо инфраструктурасына 2030-жылга чейинки концепциясы кабыл алынды

Саламаттыкты сактоо инфраструктурасына 2030-жылга чейинки концепциясы кабыл алынды

Казакстанда 6 университеттик клиника, 14 оорукана, 11 перинаталдык жана 3 улуттук борбор курулат. Бул өлкөнүн саламаттыкты сактоо инфраструктурасын өнүктүрүү концепциясын ишке ашыруунун биринчи этабын камтыган долбоорлор. Башкача айтканда, жакынкы жылдары аймактарда 11 миң 500 орундуу заманбап көп тармактуу ооруканалар пайда болот. Ал эми экинчи этапта 2 жарым миң медициналык мекемени жаңылоо, оңдоо жана куруу мерчемделген. Алардын 79%-ы баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөткөн уюмдар. Ошондой эле, документте тармактын объектилерин 5 жылдык мөөнөттө жабдуулар менен максималдуу камтуу жана адистердин жетишсиздигин болжолдоо моделин киргизүү каралган. Жыйынтыгында 2030-жылга чейин имараттардын эскиришин 30% кыскартуу, жарыктандырууну 88%-га чейин көбөйтүү жана суроо-талапка жараша керектүү жабдыктар менен камсыздоо пландалууда. Өлкө өкмөтү тиешелүү концепцияны кабыл алды.

Олжас Бектенов, Казакстандын Премьер-министри:

-Казакстанда 9 гана медициналык уюм JCI эл аралык стандартына туура келет. Алардын арасында Улуттук кардиохирургия борбору, Эне жана баланы коргоо улуттук борбору жана башкалар бар. Бул стандарттар боюнча аккредитациялоо саламаттыкты сактоонун сапатынын «жогорку деңгээлин» көрсөтөт. Бардык саламаттыкты сактоо мекемелери ушундай деңгээлге умтулушу керек. Ошондуктан, негизги объекттерди долбоорлоо стадиясынан баштап JCI эл аралык стандартынын талаптары эске алынууга тийиш.

Которгон: Илгиз Жамалбеков