К. Токаев «Отан Ана» монументине гүлчамбар койду

Касым-Жомарт Токаев «Отан Ана» монументине гүлчамбар койду. Мамлекет башчысы жана салтанаттуу иш-чарага чогулган фронтовиктер, ооруктун эмгекчилери менен кайрымдуу казакстандыктар Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында курман болгон жоокерлердин рухуна таазим кылып, аларды бир мүнөт үнсүз туруп эскеришти. Андан соң Президенттик оркестр Мамлекеттик гимнди аткарып, Ардактуу кароолдун ротасы иш-чаранын катышуучуларынын алдынан сап түзөп өттү. Касым-Жомарт Токаев ардагерлерди Жеңиш күнү менен куттуктады. Эске сала кетсек, бүгүнкү күндө Казакстанда 148 согуштун ардагери бар.

Бахытжан Ертаев, «TAYELSIZ QAZAQSTANNYN HALYQ BATYRLARY» РОО жетекчиси, Эл баатыры:

- Бул күн эч качан унутулбай турган улуу тарыхый дата. Биздин казак жоокерлери Бауыржан Момыш уулу, Рахымжан Кошкарбаев, Талгат Бигельдинов, Алия Молдагулова, Маншук Маметова жана башкалар. Алардын бардыгы жеңишке жетүүгө баа жеткис салым кошкон.

Берик Асылов, Казакстандын башкы прокурору:

- Бардык казакстандыктарды ушул сонун майрам менен куттуктагым келет. Ден-соолук, бакыт каалайм, эн негизгиси ошол коркунучтуу учур эч качан кайталанбасын. Биздин баатырлардын эрдиктери унутулбайт.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков