Алдыдагы күндөрү Алматы Борбордук Азия чөлкөмүндөгү маанилүү экономикалык көйгөйлөрдү жана аларды чечүү боюнча так кадамдарды талкуулоочу аянтчага айланат. Мегаполисте жалган куран айынын 13-15 күндөрү В5+1 форматындагы форум өтөт. Ага чөлкөмдөгү мамлекеттер жана АКШ өкмөтүнүн, ири бизнес коомунун өкүлдөрү катышат. Форумдун алкагында платформа ишке киргизилет. Бул тууралуу өлкөнүн тышкы саясий мекемесинин расмий өкүлү брифинг учурунда билдирди. Айбек Смадияров дагы бир катар тармактык министрлик жетекчилеринин чет мамлекеттерге расмий сапарлары тууралуу маалымат берди. Тактап айтканда, Тышкы иштер министри Мурат Нуртилеу Арменияга, ал эми Соода жана интеграция министри Арман Шаккалиев жалган куран айынын 18-24 күндөрү аралыгында Кытайга барат. Анда казакстандык делегация Үрүмчү, Чэнду жана Бээжин шаарларында Кытайдын бир катар аймак башчылары жана алдыңкы компания жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Мындан тышкары, соода, инвестиция, технологиялык жана илимий изилдөө тармактарында өз ара кызматташуу маселелерин талкуулоо да көздөлүп жатат. Ал эми Чэнду шаарында B2B форумунда Кытай менен Казакстандын өкүлдөрү биргелешкен долбоорлорду ишке киргизүү, өнөктөштүктү бекемдөө маселелерин талкуулайт деп күтүлүүдө. Өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин башчысынын делегациясы жалган куран айынын 17-18 күндөрү Арменияга барары мерчемделген.
Айбек Смадияров, ТИМ расмий өкүлү:
– Сапардын алкагында мамлекет жетекчилиги менен жолугушуулар, ошондой эле, Армения Республикасынын Тышкы иштер министри Арарат Мирзоян менен сүйлөшүүлөр пландалып жатат. Жолугушуунун жүрүшүндө саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы казак-армян кызматташтыгынын кеңири чөйрөдөгү маселелери талкууланат. Муну менен катар, тышкы иштер министрлери эки өлкөнүн тышкы саясат мекемелеринин ортосундагы 2024-2025-жылдарга карата иш-аракеттер планына кол коёт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков