Бүгүн Самаркандда Түрк мамлекеттер уюмунун саммити өтөт. Касым-Жомарт Токаев Өзбекстанга иш сапары менен бир күн мурун келген. Күтүлгөндөй эле, форумдун жыйынтыгы боюнча катышуучулар 2026-жылга чейинки өнүгүү стратегиясын чагылдырган декларация кабыл алышат. Уюмдагы төрагалык Түркиядан Өзбекстанга өтөт.
Казакстан-Венгрия кызматташтыгы
Белгилей кетсек, Касым-Жомарт Токаев Самаркандда Венгриянын өкмөтүнүн башчысы Виктор Орбан менен жолугушту. Тараптар көп кырдуу өнөктөштүктү кеңейтүүгө, анын ичинде экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө даяр экендиктерин билдиришти.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти
Биздин мамлекеттердин ортосундагы мамилелер динамикалуу өнүгүп жатат. Ошол эле учурда эки өлкөнүн ортосундагы байланыштарга жаңы дем берүү зарыл деп эсептейм. Айрыкча, сооданын көлөмү азырынча тийиштүү деңгээлге жете элек. Бул жагынан бизде чоң мүмкүнчүлүктөр бар. Венгрия Казакстан үчүн маанилүү өнөктөш.
Виктор Орбан, Венгриянын премьер-министри
Азыркы этапта Казакстандын жана Венгриянын бизнес-коомчулугунун өкүлдөрүнүн кызматташтыгы динамикалуу болушу керек. Венгрияга ири казак компаниялары тарабынан инвестиция тартуу, биздин экономикалык мамилелерибизди жаңы деңгээлге чыгарат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков