Дүйнөлүк жана
салттуу лидерлердин Съездинин элчилери институтун киргизүү жана форумдун
миссиясын кеңейтүү. Диндер аралык эң ири диалог аянтчасын өнүктүрүүгө жана
бекемдөөгө багытталган ушул жана башка жаңычылдыктар бүгүн Астанада дүйнөлүк
руханий лидерлер тарабынан жактырылды. Съезддин Катчылыгынын XXI жыйынында анын
жакынкы 10 жылга өнүгүү концепциясы бекитилди. Жыйынга 23 өлкөдөн 28 делегация
катышты. Атап айтканда, алар - ислам, христиан, иудаизм, буддизм, индуизм,
даосизм, синтоизм, ошондой эле башка диндердин жана эл аралык уюмдардын
өкүлдөрү. Катчылыктын башчысы Маулен Ашимбаевдин төрагалыгы алдында өткөн
тегерек столдо тараптар акыркы 7-курултайдын жыйынтыгын талкуулап, кийинки
8-жыйыны 2025-жылдын күзүндө өтөөрүн билдиришти. Иш-чараны ачкан Сенаттын
төрагасы Мамлекет башчысынын кайрылуусун окуп берди. Касым-Жомарт Токаев
руханий лидерлердин адамзаттын глобалдык көйгөйлөрүн чечүүдөгү ролун баса
белгиледи. Анын айтымында, чакырыктарды жеңүү үчүн эл аралык коопсуздуктун жаңы
системасын калыптандыруу маанилүү. Президент бул үчүн тынчтыкка жана
стабилдүүлүккө чакырган дүйнөлүк кыймыл зарыл экенин белгилеген.
Маулен Ашимбаев, Дүйнөлүк
жана салттуу диндер лидерлеринин съезди катчылыгынын башчысы:
- Руханий лидерлер күч
бириктирүү менен жалпы адамзатка тиешелүү маселелерди чечүүдөө чоң салым кошот
деп ишенем. Катчылыктын бүгүнкү жыйыны ушул максатта уюштурулган. Казакстан ар
дайым диндер аралык жана цивилизациялар аралык кызматташтыктын негизи болгон
демилгелерди колдойт. Ал тышкы саясаттын негизги артыкчылыгы катары берилген.
Дүйнөлүк жана салттуу диндердин лидерлеринин съездинин Катчылыгынын ишине
жигердүү катышканыңыздар үчүн бардыгыңыздарга ыраазычылык билдирем.
Диндер аралык
форумга 23 өлкөдөн 28 делегация катышты. Алар - ислам, христиан, иудаизм,
буддизм, индуизм, даосизм, синтоизм, ошондой эле башка диндердин жана эл аралык
уюмдардын өкүлдөрү болуп саналат. Коноктордун айтымында, Астана көптөн бери
өзүн дүйнөнүн руханий борбору катары көрсөтүп, анда жыйырма жылдан бери диний
лидерлер бүт адамзатты тынчтыкка жана консолидацияга чакырып келет.
Самир Сомая, «SOMAYAVIDYAVIHAR»
индология борборунун президенти:
- Дүйнөдө террордук
чабуулдар болуп жаткан маалда биз биригүү менен гана эң негизги нерсеге –
бүткүл дүйнөлүк тынчтыкка жетише аларыбызды ар бир адам өзүнө эскертиши керек.
Бул окуя диалог жана тынчтык сүйлөшүүлөр аркылуу гана тең салмактуулукка
жетүүгө болорун көрсөткөн кадам. Анткени, баарыбыздын келечегибиз бир, биз бир
планетада жашайбыз жана биз бир үй-бүлөбүз. Тарыхый Жибек Жолунун жээгинде
жайгашкан Казакстан көптөгөн кылымдар бою түрдүү маданияттарды байланыштырган
көпүрө болуп келген. Азыркы учурдагы ал жер Астана.
Белгилей кетсек,
форумдун жүрүшүндө руханий лидерлер акыркы 7-курултайдын жыйынтыгы боюнча пикир
алмашып, кийинкиси 2025-жылдын күзүндө өтөөрүн маалымдашты.
Которгон: Илгиз Жамалбеков