Казактанда ЖМК тууралуу мыйзам кайра каралат

Казактанда ЖМК тууралуу мыйзам кайра каралат

Ачык маалыматтык мейкиндик жана күчтүү медиа. Касым-Жомарт Токаев алардын түзүлүшүнө өзгөчө көңүл бурууга сөз берди. Президент «ЖМК тууралуу» мыйзамды кайра карап чыгуу зарылдыгын белгиледи. Бул өлкөнүн кызыкчылыгын, коомчулуктун талабын жана медиа-тармактын өнүгүү тенденциясын эске алуу менен ишке ашырылышы керек. Мамлекет башчысы мындан аркы демократиялык кайра түзүү көз карандысыз жана жоопкерчиликтүү ЖМКларсыз мүмкүн эмес экенин айтат.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

- Ата мекендик жалпыга маалымдоо каражаттарынын өлкөнүн аймактарында жана дүйнөдө болуп жаткан жараяндарга карата өз көз карашы болууга тийиш. Өлкөбүздүн маалыматтык коопсуздугу, ал тургай идеологиялык көз карандысыздыгы да буга түздөн-түз байланыштуу. Мамлекет ачык маалымат мейкиндигин калыптандырууга өзгөчө көңүл бурат. ЖМК актуалдуу маселелерди көтөрө алат жана көтөрүүгө тийиш, бирок бул чоң жарандык жоопкерчилик менен аткарылышы керек. Кандайдыр бир буйрукту аткаруу үчүн эмес, көмүскө акча үчүн же саясий топтор үчүн иштебеши керек. Маалымат каражаттары бекеринен төртүнчү бийлик деп аталбайт. Ошондуктан журналисттер өз өлкөсү жана жарандары үчүн чын жүрөктөн кам көрүшү керек.